• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Абактарда жаткан 640 жаран кесипке ээ болду – Жаза аткаруу кызматы

Коом 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Быйылкы окуу жылында абактар жаткан 640 соттолуучу билим алды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, азыркы учурда Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринде жалпысынан 6 орто кесиптик окуу жайларында эмгек рыногунда суроо-талапка ээ 22ден ашык адистиктер боюнча соттолгондор билим алышат. Анын ичинде электр ширетүүчү, электр жабдууларын тейлөө боюнча электромонтер, бут кийим тигүүчү, автослесарь, слесарь-сантехник, наабайчы, тигүү жабдууларынын оператору, жыгачтан көркөм буюмдарды даярдоочу, электрмонтажчы, курулуш жыгач устасы, токарь, таш уста, шыбакчы, булгаарыдан жана териден көркөм буюмдарды жасоо боюнча уста, чач-тарач ишинин устаты, материалдарды күйгүзүүчү, компьютерлерди оңдоо боюнча уста, кол өнөрчүлүк, кладчик, элдик кол өнөрчүлүкчебери, муздаткыч жана башка адистиктер бар.

2023-2024 окуу жылына карата 962 соттолгон жаран кабыл алынып, азыркы учурда анын 640ы окуусун аяктап, тиешелүү адистиктер боюнча сертификаттарды алышты. Окууларын ийгиликтүү аяктагандар атайын мамлекеттик сынактарды тапшырып, ээ болгон адистиги боюнча сертификаттарды алышат.

Ал эми №16 мекемеде иш алып барган №1 орто кесиптик окуу жайынын 12 бүтүрүүчүсү "материалдарды күйгүзүүчү" адистиги боюнча квалификациялык экзаменин тапшырышты. Өзгөчөлүгү сынак түздөн-түз жумуш орундарында, кирпич заводунда өткөрүлдү.

Быйылкы окуу жылында окуучулар жакшы теориялык жана практикалык даярдыктарын көрсөтүштү. 640 соттолгон адам өз адистиги боюнча иш жүзүндө иштөө жөндөмдүүлүгүн далилдешти, ошондой эле 9-класс -9, 11 - класс-7-орто жана жалпы билими тууралуу аттестаттар жана күбөлүктөр тапшырылды.

Азыркы учурда курулушу бүткөн жаңы мекемелерде соттолгондорду иш менен камсыз кылуу үчүн №1 жана №3 мекемелеринин базасында окуу класстары ачылып, анда 47соттолгон адам эки айлык тездетилген программа боюнча тигүүчү, жабдууларды оңдоочу сыяктуу адистиктер боюнча билим алышууда.

Пикир

Оставить комментарий