• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Программаларды ишке ашыруу үчүн партиялар кайдан акча алаарын түшүнүү керек — Кулов

Коом 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрь күнү Бишкекте «Жаңы өкмөттө реформалар керекпи жана премьер-министрлик кызматына көрсөтүлчү талапкерлер» аталышында тегерек стол өтүп жатат. Иш-чара саясий таануучулардын эл аралык конгресси тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын эксперттери алдыдагы парламенттик шайлоону талкуулап, шайлоого байланышкан маселелерди сөз кылышат. Иш-чарага 16 адам катышары пландалууда жана ал талкуу форматында өткөрүлөт.

Парламенттик шайлоонун алдында Феликс Кулов өз оюн билдирип, талапкерлерге байланыштуу бир катар суроолорду айтып өттү.

«Мурунку жетекчилердин бири сүйлөп жатканда дароо эле “Сиз буга чейин кайда элеңиз?» деген суроолор айтылат. Биздин тарыхыбызга, ал кандайча өткөнүнө көз чаптырышыбыз керек. Биз 2 революцияны баштан өткөрдүк. Премьер-министрлердин дээрлик эч кимиси өз пландарын ишке ашыра алган жок. Андай болсо да биз четте кала албайбыз. Жеке мен жөнүндө айта турган болсом, шайлоого барбай, кеңири программа даярдоону чечтик деп айта алам. Программада пландарды ишке ашыруу үчүн кайдан акча табууга боло тургандыгы айтылат» , - дейт Кулов.

Мындан тышкары, экс-премьер-министр программаларды ишке ашыруу үчүн партиялар кайдан акча алаарын түшүнүү керек, анткени мындай идеяларды бир дагы партия сунуштай электигин айтат.

Пикир

Оставить комментарий