• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Абдыкадыров: Бишкек кыргызча сүйлөсө – бүткүл Кыргызстан мамлекеттик тилде сүйлөйт

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарында мамлекеттик тилдин абалы талкууланды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров, мэриянын райондук администрацияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын жетекчилери катышты.

Жыйында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун баяндамасы, ошондой эле райондук администрациялардын башчыларынын мамлекеттик тил боюнча аткарылган иштеринин отчеттору угулду.

“Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү башкы максатыбыз - көп улуттуу шаардыктарды мамлекеттик тилди билүүгө, ал тилде окуй, жаза, өз оюн айта, сүйлөй билүүсүнө жетишүү болуп саналат. Ушул милдет-талапты ар бир мекеме-ишканалар, шаардыктар, кызматкерлер түшүнүүгө жана аткарууга тийиш”, - деген шаар жетекчиси, калаадагы айрым тил көйгөйлөрүнө токтолду.

Калаа башчысы баса белгилегендей, мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жалпы шаардыктар, өзгөчө мекеме-ишканалардын, билим берүү, илим жана маданият уюмдарынын жетекчилери, андагы кызматкерлер өзгөчө көңүл бурууга, камкордук көрүүгө милдеттүү.

“Өлкөбүздүн тиреги жана жүрөгү болгон борборубуз Бишкек шаарында мамлекеттик тилдин эркин чабыттап өсүшүнө, кеңири колдонулушуна ар бирибиз өз салымыбызды кошолу. Бишкек мамлекеттик тилде сүйлөсө – бүткүл Кыргызстан мамлекеттик тилде сүйлөйт”, - деди Абдыкадыров.

Пикир

Оставить комментарий