Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) үлгүрбөй калгандарга кошумча тест уюштуруларын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 24-майдан 28-майга чейин өткөрүлдү. Ар кандай себептер менен белгиленген мөөнөттө катыша албай калгандар үчүн 24-25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында тест өткөрүлөт.
Ал эми тестке каттоо 15-23-июнь күндөрү төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
• Бишкек шаарында - №24 мектеп-гимназиясында: Тыныстанов көчөсү, 110;
• Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө, Ош шаары, Ленин көчөсү.
Эскертүү: 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок.
Пикир
Оставить комментарий