• 87
  • 90.41
  • 0.84

Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун 300дөн ашуун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда аймактагы жалпы 60ка жакын маселелер көтѳрүлдү. Алардан жөлөк пул алуудагы кыйынчылыктар, жаңы конуштардагы коммуникациялык байланыштарды түзүү, ички жолдорду жакшыртуу, жазгы талаа жумуштарына жер семирткичтердин жеткиликтүүлүгү, ичүүчү жана сугат суу көйгөйлөр айтылды.

Облус башчысы учурда бардык район-шаарларда жөлөк пул чегерүүнү текшерүүгө алган комиссия иш алып барып жатканын билдирди. Алдыда анын жыйынтыгынын негизинде кетирилген кемчилдиктерге мыйзамдуу баа берилээрин айтты. Мындан сырткары облуска жер семирткичтер алынып келингенин, бул багытта маселе жаралбасын кошумчалады.

Өкүл жыйында козголгон жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүүнүн мөөнөтүн коюп, айыл аймак башчыларына жана тийиштүү жетекчилерге тапшырды. Жолугушуудагы ар бир маселенин аткарылуусу жеке көзөмөлүндө болоорун билдирди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунунда 145 миңден ашуун калк жашайт.

Облус башчысынын эл менен жолугушуусу эртең, 17-апрель күнү, саат 10:00дө Сузак райондук мамлекеттик администрациясында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий