• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

“Жашыл Мурас”. Финансы министрлигинин кызматкерлери 700гө жакын көчөт отургузду

Коом 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери флагшток аймагына 700гө жакын көчөт отургузушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага элүүдөн ашык кызматкер катышып, жакынкы аймакты тазалоо боюнча бир катар иштерди жүргүзүштү.

Белгиленгендей, иш-чара КР президентинин “2022-жылды Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий