• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Нарын облусунун башчысынын эл менен жолугушуусу Жумгал районунда жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде Нарын облусунун башчысы Сабыркул Ашимбаевдин эл менен жолугушуусу Жумгал районунун эли менен жолукту. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, облус башчысынын эл менен жолугушуулары жыйынтыкталып жатат.

Бүгүнкү жолугушууга 280 тургун катышып 60тан ашык ар кандай суроолор берилди.

Суроолордун көпчүлүгү жол, ирригация, социалдык объектилердин курулушу, жеңилдетилген насыялар, мал уурулук, кадр маселелери боюнча болду.

Айтылган көйгөйлөргө облус жетекчиси, район акими жана тиешелүү мекеме жетекчилери тарабынан жооптор берилди.

Жыйында айтылган бардык көйгөйлөр протоколго киргизилет. Бул боюнча атайын иш-чара иштелип чыгып, аткарылышы президенттик администрация тарабынан көзөмөлдөнөт.

Пикир

Оставить комментарий