• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында күйүүчү май сакталган кампага түшүп кеткен 2 жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында май сактоочу кампага түшүп кеткен 2 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-апрель күнү саат 19:59да Жалал-Абад шаардык ӨКБнүн нөөмөт бөлүмүнө түшкөн маалыматта эки жаран куткарууга муктаж экендиги кабарланган.

Такталган маалыматка ылайык, алар күйүүчү май сактоочу кампага текшерүү жүргүзүү учурунда түшүп кеткен.

Жерине Жалал-Абад шаардык ӨКБдөн 5 куткаруучу тартылып, 39 тонна күйүүчү май сакталган кампага түшүп кеткен 59 жаштагы Ж.Ф. жана 45 жаштагы К.К. аттуу жаранды (противогаз, кычкылтек баллондун) жардамы менен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда куткарылган эки жарандын тең абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий