• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Куткаруучулар Токтогул районунда сайга түшүп кеткен унааны чыгарышты. Жабыркагандар жок

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Куткаруучулар Токтогул районунда сайга түшүп кеткен унааны чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымында Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен. Жабыркагандар жок.

Жерине 3 куткаруучу жана КамАЗ унаасы тартылып, унаа жолго чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий