Бишкекте кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылган – видео

Кырсык 0


Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бишкекте кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн "102" кызматына Логвиненко көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатында жайгашкан батирдин терезесинен белгисиз кыз өзүн таштоого аракет кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери фактыны тастыктап, А.А. жана К.Д. аттуу жарандарды аныкташкан.

Андан соң окуянын катышуучулары Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын тактап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий