• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, 8 адам көз жумду

Кырсык 0


Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 78-чакырымында Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталды.

“Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, атайын техника (унаа-манипулятор) менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесептинен 8 адам, анын ичинде эки бала көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий