Бишкек мэриясы Чүй проспектисин иретке келтирүү схемасын иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Чүй проспектисин Курманжан Датка көчөсү менен кесилишинде автотранспорттордун кыймылын иретке келтирүү схемасын иштеп чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 29-майдан баштап "Бишкекасфальтсервис" төмөнкүдөй иштерди баштайт:

- Чүй проспектиси боюнча (түндүк-чыгыш тарабы) жол белгилерин реконструкциялоо менен жолдун бөлүүчү газон тилкесин кичирейтүү жолу менен жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүү;

- Аялдама комплексин жылдыруу, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке уюштуруу жана жол белгилерин кайра орнотуу менен Чүй проспектисинин ылдый жагын Курманжан Датка көчөсүнүн жүрүүчү бөлүгүн (түндүк-чыгыш тарабы) кеңейтүү;

- Жол белгилерин жана светофор объектисинин кошумча бөлүгүн орнотуу менен Чүй проспектиси боюнча (түштүк-батыш тарабынан) түштүк тарапка жол ачуу.

Пикир

Оставить комментарий