• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

23-декабрга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 23-декабрга чейин өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

19-23 -декабрь күндөрү Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба тууралуу болжолдуу маалымат

19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 20-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-23-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден.

19-декабрда Бишкек шаарында күтүлгөн атмосфералык абанын булгануусунун болжолу

19-декабрда аба бассейнинде зыяндуу заттардын таркалышына тоскоолдук алып келе турган чектелген жагымсыз метеорологиялык шарттар түзүлүп, абада зыяндуу заттардын концентрациясынын орточо суткалык кармалышы көтөрүнкү деңгээлде (чектүү деӊгээл концентрациясынан 1,1-10,0 эсеге жогору) болушу күтүлөт.

19-23-декабрь күндөрү Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-декабрда жана 20-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-декабрда күндүз жана 21-декабрда бир аз кар жаашы күтүлөт.

22-23-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

19-23 -декабрларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

19-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

21-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

22-23-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

19-23-декабрь күндөрү Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-20-декабрларда жана 21-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

21-декабрда күндүз жана 22-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-декабрда күндүз жана 23-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-декабрда жана 22-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-23-декабрларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

19-20-декабрларда жана 21-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

21-декабрда күндүз жана 22-декабрда түнкүсүн Каракол шаарында кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

22-декабрда күндүз жана 23-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

19-23 -декабрларда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-декабрда жана 20-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-декабрда күндүз, 21-декабрда жана 22-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-декабрда күндүз жана 23-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-декабрда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлө

Пикир

Оставить комментарий