• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ат-Башыда минген аты келип, өзү дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Ат-Башыда минип кеткен аты келип, өзү дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын сөөгү 30-июнда Таш-Тумшук тилкесинде суунун жээгинен табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

30-июнда издөө иштерине Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

Эскерте кетсек, 28-июнда Өзгөрүш айыл аймагынын Жаңы-Жер жайлоосунун Беш-Мойнок тилкесинен 1972-жылы туулган И.К. аттуу эркек киши ат минип кетип, аты келип өзү дайынсыз жоголуп, изделип жаткан.

Пикир

Оставить комментарий