Абылгазиев Ысык-Көлдө көрүстөндү талкалагандарды табууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 12.01.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигине Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап жана жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

«Биздин өлкө үчүн бул өзгөчө адепсиз көрүнүш, анткени көзү өткөндөрдүн элесин урматтоо – Кыргызстандын элине таандык маанилүү сапаттардын бири эмеспи. Ошондуктан күнөөлүүлөр табылып жана жазага тартылышы керек, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүстөндө бузулган эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө тийиш», - деди Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий