• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Абылгазиев: Ички иштер органдары мамлекетти өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойнойт

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Ички иштер органдары мамлекетти өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойнойт, себеби Өкмөттүн бардык реформаларын жана программаларын өлкөдө тынчтык жана тартип орногон шартта гана жүзөгө ашырууга мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.

Ички иштер органдарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусундагы жыйында министрликтин 2018-жылкы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылдын 12 айында республика боюнча 29718 кылмыш катталган, бул 2017-жылдын көрсөтүлгөн мезгилине (27706) салыштырмалуу 7,2%га көп. Анын ичинде ички иштер органдары тарабынан 26553 (24712) кылмыш катталган, бул жалпы катталган кылмыштардын 89,3% түзөт.

32360 (29569) кылмыш республикалык ички иштер органдарынын өндүрүшүндө болгон, анын ичинен 19861 (20392) кылмыштын бети ачылып, бул 2017-жылдын көрсөтүлгөн мезгилине салыштырмалуу 2,6%га аз. Өндүрүш аркылуу 7212 (6090) кылмыш иши ачылбаган катары токтотулган.

Мындан тышкары, 2017-жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 5,5%га азайган, ошондой эле курмандыктардын жана жабыркагандардын саны 21%га кыскарган.

Балдардын катышуусундагы жол кырсыгынын саны – 1418, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,9%га көп. Каза болгон балдардын саны 104төн 87ге дейре азайган, бул 16,3%га аз, жаракат алгандардын саны 1652 ден 1622 ге дейре кыскарган (2,0%га азайган).

Республика боюнча жол кыймылы эрежесин бузуу боюнча 995 795 факты катталган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, ички иштер органдары мамлекетти өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойнойт, себеби Өкмөттүн бардык реформаларын жана программаларын өлкөдө тынчтык жана тартип орногон шартта гана жүзөгө ашырууга мүмкүн.

«Силердин ар бириңер бизге мисал катары, үлгүлүү жарандардан болууга тийишсиңер. Көпчүлүгүңүздөр күн-түн дебей оңой эмес кызматты аркалап, мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдетиңиздерди ак ниет жана чынчыл аткарууга аракет кыласыңар. Бирок аракеттери бүтүндөй ички иштер органдарына көлөкө түшүргөн айрым кызматкерлер бар. Биз бул сыяктуу учурлардын алдын алууга тийишпиз. Ал эми мындай кызматкерлерден арылуу керек», - деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздук тармагына заманбап санариптик технологияларды киргизүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого тийиш.

«Биздин, жада калса, тээ алыскы аймактарда жашаган жарандарыбыз дагы мамлекеттик тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү боюнча кыйынчылыктарды сезбеши керек. Ошондуктан санариптик технологиялар өлкөнүн бардык аймактарында болушу үчүн акыркы чараларды көрүү кажет», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле белгилегендей, Өкмөт мындан ары дагы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мамлекет эмгек акыны жогорулатуу жана турак жайларды куруу аркылуу милиция кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоону камсыздоо үчүн олуттуу кадамдарды жасап жатат.

Пикир

Оставить комментарий