• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин ишмердиги жаңыланат

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.18. /Кабар/. Жарандык коомдун институттарынын коррупция менен күрөшкө катышуусу маанилүү жана антикоррупциялык процессте артыкчылыктуу элемент болуп саналат. Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча атайын коммуникациялык платформалардын түзүлүшү жана иштөөсү коомчулуктун антикоррупциялык иште түздөн-түз катышуусун камсыздайт.

Антикоррупциялык кеңеш – бул мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн антикоррупциялык чараларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жаатында биргелешкен ишмердигин координациялоо боюнча консультативдик-кеңеш аянтчасы. Кеңештин курамына айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана бизнес өкүлдөрү киришет.

Башкы милдети – коррупцияга каршы күрөш боюнча бүтүн тутумду өркүндөтүү болуп саналат, мында мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун институттарынын жана бизнес коомчулуктун ортосунда активдүү диалог жүргүзүү боюнча түзүлгөн аянтча - коррупция менен күрөш күч-аракеттерин уюштуруу жана бириктирүү боюнча таасирдүү механизмдерди куруу үчүн кызмат өтөйт.

Кеңештин иши төмөнкүдөй түзүлөт:

1) курамын сапаттуу жаңылоо;

2) жарандык коомдун, бизнестин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн сунушу боюнча Кеңештин жыйынындарында аткарууну тармактык комитеттерге тапшыруу менен конкреттүү маселелерди жана аларды четтетүү боюнча даректүү сунуштарды кароо;

3) отчетторду, анын ичинде Кеңештин жыйындарында башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана жетекчилердин жеке жоопкерчилигин кароо менен мамлекеттик органдар тарабынан антикоррупциялык иш-чараларды аткаруу боюнча жарандык коомдон альтернативалык отчетторду кароо;

4) ЖМКларда Кеңештин жыйындарынын жыйынтыктарын чагылдыруу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы Буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антрикоррупциялык кеңеш жөнүндө Жобонун жаңы редакциясы жактырылды, мында төмөнкүдөй негизги жаңы киргизүүлөр бар:

- үзгүлтүксүз мониторинг жана Кеңештин антикоррупциялык чараларын ишке ашырууну баалоо;

- коррупцияга каршы күрөш чараларынын тутумун иштеп чыгуу;

- Кеңештин курамын тең укуктук принциптеринде түзүү жана Кеңештин курамына кирүү критерийлерин аныктоо;

- Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин аныктоо;

- Кеңештин чечимдерин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тапшырмалары түрүндө түзүү.

Көрсөтүлгөн чараларды жүзөгө ашыруу коррупцияга каршы күрөшүү тармагында өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууну, мамлекет тарабынан ишке ашырылган антикоррупциялык чараларды кыйла сапаттуу маалыматтык колдоо менен камсыздоону, ошондой эле бул тармактагы ишенимдүү маалыматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгүн шарттайт.

Пикир

Оставить комментарий