• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Абылгазиев Казакстанга жумушчу сапары менен келди - коштоп кеткендердин тизмеси

Саясат 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-августта, кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

Мухаммедкалый Абылгазиев – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Жеңиш Разаков– Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Олег Панкратов – Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Жамшитбек Калилов – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри;

Уларбек Шаршеев – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

Калысбек Жумаканов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын директору;

Динара Кемелова– Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Айбек Айдарбеков – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Алмаз Сазбаков– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү;

Азамат Оморов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен иштетүү бөлүмүнүн башчысы.

Пикир

Оставить комментарий