• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Бишкекте КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт

Саясат 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт.

ТИМден билдиришкендей, отурумда КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери 13-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Пикир

Оставить комментарий