• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абылгазиев: Өкмөт мугалимдерди колдоо боюнча чараларды күчөтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мектептеги билим берүүнү жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу менен катар эле мугалимдерди колдоо боюнча чараларды күчөтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна иш сапар менен барган учурда билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Аламүдүн районун Таш-Дөбө айылындагы Бейшеналиева атындагы орто мектепке барганда билим берүү мекемесинин жетекчилиги эски терезелерди алмаштырып берүүнү, ошондой эле жаңы спорт зал куруп берүүнү өтүндү. Кара-Жыгач айылындагы 1967-жылы курулган Табалдинов атындагы орто мектеп капиталдык оңдоп-түздөөгө муктаж жана анын спорттук, жыйындар залын куруу керек.

«Учурда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төрттөн бир бөлүгү билим берүүгө багытталат. Республиканын бардык аймактарында мектептер курулууда. Биз билим берүү чөйрөсүнө мындан ары да өзгөчө маани беребиз. Бул жерде мугалимдердин айлыгын жогорулатуу, билим берүү тутумун жакшыртуу жана жаңы мектерди куруу жөнүндө сөз болууда», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал ошондой эле окутуучулук курам менен маектешип, мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртууга көңүл бурдурду.

«Биз мугалимдердин эмгек акысын баскыч баскычы менен көтөрүү үчүн колдон келген бардык мүмкүндүктөрдү жасап жатабыз. Өз кезегинде силер өз алдынча өнүгүүгө, окутуунун жаңы заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө, балдарга билим берүүгө жана жөндөмдөргө үйрөтүүгө, аларга билимдүү жана ийгиликтүү болууга дем берүүгө умтулууга тийишсиңер. Мектептерде кесибин сүйгөн адамдар иштөөсү үчүн биз мугалимдер арасындагы атаандаштык чөйрөнү кайрадан жандандырышыбыз керек», - деди ал.

Өкмөт башчы жергиликтүү маанидеги узундугу 250 метр Көк-Жар – Ала-Тоо жолунун эксперименталдык тилкесин оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Текшиленген тыгыз бетон төшөлгөн тилке пайдалануу мезгилине чыдабай, кеткен каражаттарды актаган эмес.

Премьер-министр маселени четтетүүнү жана маселелер кайрадан келип чыкпашы үчүн кыйла сапаттуу материалдар менен 2020-жылдын июнь айында баштала турган ишти макулдашылган мөөнөттө жандандырууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий