• 87
  • 90.41
  • 0.84

Абылгазиев «КТ Мобайл» кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ Мобайл» кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана анын уюмдук түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Улуттук байланыш оператору «Кыргызтелеком» ААКнын туунду компаниясы - «КТ Мобайл» (КТМ) ЖЧКсы 2003-жылы түзүлүп, ошондо эле уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн лицензия жана жыштык алган. 2018-жылы ачык аукцион өткөрүү жолу менен учурда иштеп жаткан уюлдук компаниялардын бири менен биргелешкен долбоорду ишке ашыруу аркылуу компанияны ишке киргизүү чечими кабыл алынган.

Бул чечим премьер-министр тарабынан жактырылган, буга байланыштуу бардык зарыл иштер, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар мыйзам талабына ылайык жүргүзүлгөн.

Өкмөт өлкөдө санариптик трансформациялоо боюнча масштабдуу долбоорду илгерилетип жана санариптик технологияларды кеңири колдонууга жетишүүгө умтулуп жаткан санариптештирүү жылында бул абдан туура жана негиздүү чечим болду.

Биз «Ачык Өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы экендигин ырастайбыз. Бирок, анын уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы, ал (Эрназар) кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт.

Абылгазиев мамлекеттик ишмердик жана туугандык мамилелер эч сыйышпайт деген принципти карманат. Бул анын досторуна жана туугандарына жакшы белгилүү.

Баса белгилей кетсек, кадрдык чечимдер, компаниянын каражаттарын пайдалануу жана анын кызматкерлеринин эмгек акы өлчөмүн белгилөө маселелери компаниянын өзү жана анын ээси «Кыргызтелеком» ААК тарабынан жөндөлөт.

Анткен менен премьер-министр Абылгазиев «КТ Мобайл» кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана анын башкарууну уюштуруу түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырды.

Ошол эле учурда премьер-министр компаниянын алдында турган телекоммуникация рыногундагы мамлекеттин жана керектөөчүнүн кызыкчылыгындагы милдеттерди таасирдүү ишке ашыруу маанилүү деп эсептейт. Бул иш Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча ачык жана айкын аткарылууга тийиш.

Өкмөт башчы мамлекеттик үлүшү бар компанияларды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу боюнча конкреттүү милдеттерди коёт. Бүгүнкү күнү 20дан ашуун мамлекеттик компанияда ишмердүүлүктүн негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) киргизилген, алгачкы ирет мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө, натыйжасыз жана иштебеген мамлекеттик ишканалардын саны кыскартылууда.

Пикир

Оставить комментарий