• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Абылгазиев: Биз жол коопсуздугун камсыздоо тутумун сапаттуу реформалоого жетишүүбүз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүнүн ишинкүчтөндүрүүгө жана реформалоого багытталган иш-чараларга даярдыккөрүү жана аны ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан жактырылган Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органтүзүмдөрүн реформалоо боюнча стратегияны бекитүү жана аны ишкеашыруу боюнча пландар талкууланды. Анын натыйжасында, Бишкекшаардык Кайгуул милициясын түзүү каралууда.

Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган түзүмдөрүн реформалообоюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жанаКыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы ДамирСагынбаев сунушталган чаралардын негизги элементтери тууралуу айтып беришти, анда кадрдык курамдын кескин жаңыртылышы, функционалдыкмилдеттенмелердин өзгөрүүсү, ачык сынак жыйынтыгы боюнча тандалыпалынып, тийиштүү даярдыктан өткөрүлчү Кайгуул милициякызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулатылышы каралган.

Ошондой эле кеңешмеде Кайгуул милициясынын түзүмдөрүн кызматтыкунаа, атайын техника менен камсыздоо, формалуу кийим берүү жанаатайын техникалык каражаттар менен жабдуу үчүн каржылоозарылдыгына байланыштуу маселелер каралды. Бул жаңы киргизүүлөр«Коопсуз шаар» долбооруна үндөш жана анын талаптарына дал келет.

«Бүгүнкү күндөгү кырдаал таасирдүү чараларды кабыл алууну талап кылат –биз түзүмдүк бөлүктөрдүн жалпы ишин сапаттуу реформалоого жана жолкыймылынын гана эмес, коомдук коопсуздукту камсыздоого жетишүүбүззарыл. Милиция өзүнүн башкы кызматтык милдеттерин аткарууда жарандарыбыз тарабынан көбүнесе негиздүү сынга жана жемелөөгөкабылып келет. Натыйжалуу ишти камсыздоо жана коррупцияны ишжүзүндө азайтуу аркылуу гана жарандардын милицияга ишениминкайтарууга болот», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын түзүмдөрүнүн ишин реформалоожана күчтөндүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга байланыштуу бардык маселелерди чечүүнү, ошондой эле каржылоонун бардык зарылбулактарын караштырууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий