• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абылгазиев ветеринардык көзөмөл тутумун жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл чаралары маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы белгилегендей, жүргүзүлгөн масштабдуу иштердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына эквиваленттүү деп таанылгандыктан, ветеринардык көзөмөлдү жакшыртуу маселеси маанилүү жана актуалдуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдиргендей, бүгүнкү күнү өлкөдө 19 ветеринардык лаборатория бар, алардын экөө Бишкек жана Ош шаарларында – улуттук макамына ээ.

Ал ошондой эле өлкөдө мал башынын өсүү тенденциясы жана эпизоотикалык жагдай, айыл чарба малынын массалык ооруларына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан эпизоотикага каршы чаралар тууралуу маалымдады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселесинин аймактарда айылдыктардын жашоосу үчүн маанилүүлүгүн эске алуу менен ветеринардык көзөмөл тутумунун натыйжалуу иштөөсүнө жетишүү зарыл.

Өкмөт башчы эске салгандай, жаңы ветеринардык лабораторияларды куруу жана жабдуу, учурда иштеп жаткандарын талапка ылайык келтирүү, ошондой эле эпизоотикага каршы чараларды ишке ашырууга быйылкы жылы 130 млн сом бөлүнгөн.

«Бул мал чарба азыктарынын сапатын керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгында камсыздоо, аларды Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына дал келтирүү үчүн зарыл. Бардык эпизоотикага каршы иш-чараларды жана алдын алуу чараларын жүргүзүүгө тең салмактуу жана сапаттуу мамиле жасалышы керек. Өкмөт санариптештирүүнү көңүл чордонуна коюп жаткандыктан, электрондук ветеринарияны киргизүү күч-аракеттерин активдештирүү зарыл. Бул ички рыноктун талаптарына жооп берет жана экспорттук потенциалды бекемдөө кызыкчылыктарында кызмат өтөйт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий