• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен ЕАӨБ кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 20.02.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлор боюнча кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Документке Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн экономикалары жана жарандары үчүн чоң мааниге ээ болгон долбоорлорду, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү максатында кол коюлган.

Тараптар Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруунун жана электрондук түрдөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптик чечимдерин иштеп чыгуу жана колдоо, санариптик соода, санариптик кооперация жана жеңил өнөр жай тармагын санариптик трансформациялоо өңдүү тармактарда, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүдө, “жашыл” технологиялар жана экологиялык мониторинг чөйрөсүндө, саламаттыкты сактоону, миграцияны жана туризмди санариптик трансформациялоо тармагында, “акылдуу шаарларды” өнүктүрүү багыттарында кызматташууну өнүктүрүүнү жана чыңдоону макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий