• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

АЧК-12: Кыргызстанда 9 миңден ашуун дыйкан жеңилдетилген насыя алды

Экономика 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата "Айыл чарбасын каржылоо -12" долбоору боюнча 9 миңден ашуун дыйкан жеңилдетилген насыя алды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 401497 миң сомго 1242 насыя берилди, анын ичинен:

– “Айыл Банк” ААК, 199142,0 миң сомго 629 насыя;

– “Элдик Банк”, ААК, 202355,0 миң сомго 613 насыя.

Ал эми мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3158459 миң сомго 7774 насыя берилди, анын ичинен:

– “Айыл Банк” ААК, 1603745,0 миң сомго 4001 насыя;

– “Элдик Банк”, ААК, 1554714,0 миң сомго 3773 насыя.

Жалпы 2 категория боюнча 3559956 миң сомго 9016 насыя берилди.

– “Айыл Банк” ААК, 1802888 миң сомго 4630 насыя;

– “Элдик Банк”, ААК, 1757069 миң сомго 4386 насыя.

Пикир

Оставить комментарий