• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Экономика 0


Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Бишкекте Expo Eurasia – 2022 жана Бишкек бизнес-форумунун алкагында Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин экспортту алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Тилек Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, өнөр жай көргөзмөсү 21-23-июнь аралыгында Бишкектеги “Аю Гранд” соода борборунда кадимки режимде, ал эми www.ExpoRF.ru жана www.ExpoEurasia.org порталдарында онлайн режимде өтөт. Көргөзмөнү Россиянын "Зарубежэкспо" акционердик коому жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы биргеликте уюштурду.

“Көргөзмө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү жана өнүктүрүү максатында уюштурулду. Анда Россия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Иран жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн 200дөн ашык компания, ал эми бизнес-форумга жалпысынан 500дөн ашык компания катышат”, - деди ал.

Жумалиев белгилегендей, көргөзмө төмөнкүдөй тематикалык секцияларга бөлүнгөн:

  • Энергия жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар;
  • Машина куруу;
  • Металлургия;
  • Темир жол транспорту;
  • Мунайгаз өнөр жайы;
  • Химиялык өнөр жай;
  • Тоо-кен өнөр жайы;
  • Агроөнөр жайы;
  • Жогорку технологиялык жана инновациялык тармак;
  • Банктык ишмердүүлү;
  • Телекоммуникация;
  • Медицина, фармацевтика, медициналык туризм;
  • Билим берүү жана илим;
  • Кызмат көрсөтүү (туризм, унаа ташуу, транспорттук логистика).

“Көргөзмөдө инновациялык технологиялар жана айыл чарбасынын бардык тармактарындагы иштеп чыгуулар көрсөтүлөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий