• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир апта ичинде 237 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн жумада 237 айдоочу мас абалында унаа башкарып кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бир аптада жол кыймылынын коопсуздугу тармагында 19 миң 48 бузуу аныкталган.

Анын ичинен:

- жогороку ылдамдыкта унаа башкарган - 3714;

- тиешелүү документтери жок унаа башкарган - 200;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузган - 5773;

- автобейбаштык - 6;

- жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн - 1271;

- жол белгилеринин, жүрүүчү бөлүктүн белгилеринин талаптарын сактабагандыгы үчүн - 6906;

- алдыңкы, капталындагы терезелерин караңгылатылган унаа башкаргандыгы үчүн - 19;

- мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн - 237;

- 900 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий