• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Балыкчыда 500гө жакын жаран парамарафонго катышты — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Кечээ, 19-июнда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында республикалык парамарафон спорттук иш-чарасы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Парамарафон дене тарбия жана спорт аркылуу майыптыгы бар жарандарды коомго социалдаштыруу жана интерграциялоо максатында өткөрүлгөн.

Спорттук иш-чарага республиканын аймактарынан 500гө жакын адам катышты.

“Ар бир катышуучуга медалдар тагылып, жеңүүчүлөргө байгелер ыйгарылды. Иш-чаранын жыйынтыгында көптөгөн кайраттуу адамдар дене тарбия жана спорт менен машыгууга ынтызар болуп, дени сак жашоо мүнөзүн баштоого чоң кадам таштады”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий