• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз Бишкектен табылды

Коом 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Ош облусунда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Оштун Араван райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 17 жаштагы кызын издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Өспүрүм 3-июнда саат 16:00дөр чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп келген.

Аталган факт Араван райондук милициясына катталып, издөө иштери башталган.

“Өспүрүм кыз Бишкектин аймагында болушу мүмкүн деген маалыматтар дагы текшерилген. Дайынсыз жоголгон кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 14-июнда Бишкек шаарынын аймагынан жашы жете элек кызды табышкан. Андан ары туугандарына өткөрүп берүү үчүн Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий