• 88.68
  • 95
  • 0.95

Адатта аз калориялуу тамак жеген адамдар сасык тумоого тез чалдыгышат

Дүр дүйнө 0

Окумуштуулардын айтымында, сасык тумоолоп калганда антибиотиктердин эч кандай пайдасы жок, айыгып кетүүгө жардам бербейт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, оорудан айыгуу үчүн вируска каршы дарылар дагы таасир бере албайт. Бирок сасык тумоо күчөп кетпеши үчүн дарыланыш керек да, эмне кылуу керек? Жообу жөнөкөй: туура тамактануу зарыл.

С витаминине бай мөмө-жемиштерге жана жер-жемиштерге көбүрөөк басым жасоо дагы эч кандай жыйынтык бербейт. Төмөндө кайсы азыктар суук тийип же сасык тумоолоп калууда жардам берери, кайсыларынын таасири жок экендиги тууралуу маалыматтар менен тааныштырабыз.

Дене табыңыз жогорулаганда ачка болбошуңуз керек. Адам чыйрыгып жатканда зат алмашуунун ылдамдыгы жогорулап, организм пайдалуу тамак-аштарды жана суюктукту талап кылат. Ошондой эле күз-кыш мезгилинде диетага отурбай эле койгонуңуз оң. Себеби, аз калориялуу тамак жеген адамдар бат эле сасык тумоолоп калат.

Сарымсак

Суук тийүү же сасык тумоону дарылоодогу сарымсактын эффективдүүлүгү далилденген эмес. Аны жеген оорунун алдын алышы мүмкүн, бирок ооруп жаткан учурда жебей эле койгонуңуз оң. Курамында кверцетин бар болгон азыктар вируска каршы касиеттерге ээ. Бул зат кызыл пиязда, кызыл алмада, көк чайда, брокколиде, кале капустасында, клюквада жана кара моюлда бар.

Татымалдар

Тамак оруп жатканда карри, мускат жаңгагы, кара мурч жана башка татымалдарды тамакка кошпой эле койгон оң. Анын ордуна имбирди колдонсо болот. Имбирь сезгенүүгө каршы касиеттерге ээ жана тердөөгө жардам берет. 20-40 грамм имбирди ысык сууга кошуп, ага лимон жана бал кошуп, чай катары ичүү керек.

Ошондой эле мурундан суюктуктун агышын токтотууга чили калемпири жардам берет. Эгер тамак оорубаса, тамакка өтө көп эмес өлчөмдө калемпир кошуп коюу керек, мурун тазаланып, дем алуу жеңил болуп калат.

Куурулган тамактар

Ооруп жаткан учурда куурулган тамак-аштан баш тартканыңыз оң. Себеби анын пайдасы аз болуп, начар сиңет, иммунитетке терс таасирин тийгизет. Ден соолугуңуз чың кезинде деле куурулган тамакты көп жебей эле коюңуз. Куурулган тамакты жумасына 3-4 жолу жеген диабетке, ашыкча салмак кошууга же гипертонияга алып келет.

Кызыл эт

Куурулган тамактар сыяктуу эт дагы оор тамак болуп саналат. Аны көп өлчөмдө жеген иммунитетти алсыздандырат. Аны кайнаган тоок эти менен алмаштырууга болот. Айтмакчы, тооктун этинен жасалган жылуу шорпо суук тийип калууда өтө пайдалуу.

Спирт ичимдиктери

Ооруп жатканда спирт ичимдиктерин ичпөө керек. Аны көп өлчөмдө ичүү иммунитетти начарлатып, инфекциянын алдында аны алсыз кылат. Айыгуу процессин жайлатат. Спирт ичимдиктерин көп ичкен адамдар инфекциялык ооруларга, анын ичинде кургак учукка жана пневмонияга тез чалдыгышат.

Таттуулар

Бардык эле адамдар ооруп жаткан учурда таттуудан баш тартуу керек деген пикирде. Бирок чычкандарга жүргүзүлгөн изилдөө дайыма эле андай эмес экендигин көрсөткөн.

Эгер сезгенүү бактериялык инфекциядан улам пайда болсо, тамактанууда глюкозанын болушу чычкандардын өлүмүнө алып келген. Ал эми таттууларды жебей коюу тез арада айыгууга жардам берген.

Ал эми оору сасык тумоо вирусунан келип чыкса, жыйынтык тескерисинче болгон. Курамында кумшекер бар азыктарды жеген чычкандар көпкө жашашкан.

Албетте, адамдар чычкан эмес. Бирок бактериялык жугуштуу ооруга чалдыкканда таттуудан баш тартуу зарыл. Ал эми суук тийип же сасык тумоолоп калганда организмдин эмне каалап жатканына көңүл буруу керек.

Оорудан айыгууну кантип тездетүү керек?

Жылуу суюктукту (чөп чай же көк чай пайдалуу) көбүрөөк ичип, бөлмөнү желдетип, абаны нымдап туруу зарыл. Стресстен, чылым чегүүдөн алыс болуп, уйкуну кандыруу керек. Мурда сүт азыктарын колдонуу какырык чыгарат деп эсептелген. Бирок изилдөө бул ката түшүнүк экендигин көрсөттү. Андыктан эгер сиз күндө бир стакан кефир ичүүгө көнүп калсаңыз же тамак ооруну сүт менен дарылагыңыз келсе, алардан баш тартпай эле коюңуз.

Пикир

Оставить комментарий