• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Вице-премьер-министр Ош шаардык ооруканасынын абалы менен таанышты

Аймак 0

Ош, 28.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ош шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасы менен таанышып, оорулуулардан кабар алды. Вице-премьер-министр дарыгерлер менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн да укту. Шаардык оорукананын эски имараттары оңдолуп, шарттар түзүлгөн.

“Вице-премьер-министрдин дарыгерлердин көйгөйлөрүн да укту. Дарыгерлердин айлыгы аз. Буга чейин да ипотекалык негиз менен батир алганбыз. Ушул маселени да айттык”,-деди шаардык оорукананын башкы дарыгери Шаятбек Абдурахманов.

Жакынкы күндөрү Ак-Тилек кичи районунда курулган заманбап оорукана да пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий