Адаттан тыш ысык аба ырайында ден соолукка кантип кам көрүү керек? Адистен кеңеш

Ден соолук 0

Бишкек, 10.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Күндөн күнгө абанын температурасы жогорулап, жайдын кайнай турган мезгили жакындап калгандай. Абанын жогорку температурасы адамдын ден соолугуна коркунуч жаратат. Айрыкча жашы улгайып калгандарга, кош бойлууларга, өнөкөт оорулары (жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана башкалар) барларга кооптуу. Бул организмден суюктук жана минералдык туздардын ашыкча жоготууга учурашы менен байланыштуу. Кан коюланып, жүрөк-кан тамыр системасына оорчулук туудурат, тромбдун пайда болуусуна алып келиши да мүмкүн дешет дарыгерлер.

Мындан улам “Кабар” агенттиги адистердин ысыктан сактануу боюнча бир катар кеп-кеңештерин тизмектеди:

  • Мүмкүн болсо күн нурларынын түздөн-түз тийишинен качуу керек. Көлөкөдө болууга аракет кылыңыз же көчөдө көп жүрүүдөн оолак болуңуз. Өзгөчө саат 13:00дөн 17:00гө чейин ысык аптап уруп, күн нурлары катуу тиет. Бул убакыт аралыгында салкын жерде болгон оң;
  • Күн нурунан коргоочу каражаттарды колдонуңуз. Баш кийимдерди, кол чатырды жаныңызга сала жүрүңүз;
  • Күн кайнап жаткан маалда физикалык жана психикалык стрессти азайтыңыз;
  • Сууну ичүү режимин сактоо маанилүү. Көбүрөөк суу ичиңиз. Кайнатылып муздатылган сууну, ширелерди, лимонаддарды, квас, газдалбаган минералдык сууларды, улуттук суусундуктарды ичүү сунушталат. Белгилеп кетүүчү жагдай, адамдын суусун кандыра турган суусундуктар өтө эле муздак болбошу керек, анткени суук тийип калышы ыктымал;
  • Сууну үзгүлтүксүз ар бир жарым саат сайын ичүү зарыл. Күнүгө 2-2,5 л суу ичүү норма деп эсептелет;
  • Көбүнесе мөмө жана жер-жемиштерди, өзгөчө бадыраң, помидор, апельсин, өрүк, алма, дарбыз жана коондун өлчөмүн жогорулатуу кажет. Жемиш канчалык суулуу болсо, организмге ошончолук көлөмдөгү суюктук барат;
  • Балдарыңызды арыктардан, каналдардан, фонтандардан жана башка суу чыгуучу жерлерден алыс кылыңыз. Алар менен саат 11ден кечки алтыга чейин эс алууга же башка пландарыңыз менен көчөгө чыга турган болсоңуз жаныңызга дайыма суу алып алыңыз;
  • Желдеткич жана кондиционер колдонуңуз. Бирок аларды түздөн-түз өзүңүзгө каратпаңыз. Муздак имараттан дароо ысыкка чыксаңыз сыркоолоп калышыңыз мүмкүн. Буга чейин биз кондиционерди кантип туура пайдалануу керектигин айтып бергенбиз;
  • Жайында кандай кийимдерди кийиш керек, бул да маанилүү. Пахта жана зыгыр кездемелеринен тигилген кийимдерге басым жасаңыз. Аба өткөрүүчү, ачык түстөгү кийимдерди кийиңиз;
  • Мүмкүнчүлүк болсо сууга чайканып же муздак сууга нымдалган сүлгү менен денеңизди сүртүңүз;
  • Ысык мезгилде жылаңайлак басуу сунушталат. 10-15 мүнөт чөптө же кумда басуу бутка массаж болуп, кан айлануу жакшырат.

Пикир

Оставить комментарий