• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Россиядан келген гуманитардык жардам муктаж болгон медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт - Каратаев

Ден соолук 0

ишкек, 27.07.20. /Кабар/. Бишкекте Россиядан келген медициналык жабдык, дары-дармек жана жеке коргонуучу каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардамды Кыргызстанга өткөрүп берүү салтанаты учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Россиядан келген гуманитардык жардам муктаж болгон медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөрүн айтты.

“Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда, өлкөдө дагы эле оор жана өтө оор абалдагы бейтаптар болууда. Саламаттык сактоо министрлиги мониторинг жүргүзүп, жабдыктарды муктаж болгон медициналык мекемелерге жөнөтөт”, - дейт ал.

Каратаев белгилегендей, медициналык жабдыктар Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасында турат жана өлкөнүн түндүгүнө зарылдыгына жараша жөнөтүлүүдө. Ал эми түштүк аймакка эртең жүк ташуучу учак менен жөнөтүү пландалууда.

Эскерте кетсек, КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен РФ президенти Владимир Путиндин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Россия гуманитардык жардамдын дагы бир тобун жиберген. Ал Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинин атайын учагы менен 26-июлда Бишкекке келип түшкөн.

Гуманитардык жүк медициналык жабдуулардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан (5 көчмө рентгенаппараты, анестезиология үчүн монитор жана оксометрлик датчиги менен интенсивдүү терапия – 65 даана, анестезиология үчүн монитор жана оксометрлик датчиги жок интенсивдүү терапия – 5 даана, жасалма дем алдыруучу 31 аппарат, дары: эноксапарин натрия – 49 миң 350 даана, олокизумаб – 550 даана жана беткаптан – 100 миң даана) турат.

Пикир

Оставить комментарий