• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Исмаилова россиялык дарыгерлерге COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Вице-премьер-минстр Аида Исмиалова Россиядан келген медициналык жабдык, дары-дармек жана жеке коргонуучу каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардамды Кыргызстанга өткөрүп берүү салтанаты учурунда россиялык дарыгерлерге COVID-19 менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлеринин эмгеги баа жеткис. Медиктер азыркы мезгилдин баатырлары, сиздерге терең таазим жана чексиз ыраазычылык”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен РФ президенти Владимир Путиндин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Россиядан дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин тобу Кыргызстандагы медициналык мекемелерге практикалык жардам көрсөтүү жана коронавирустук инфекцияны дарылоо боюнча тиешелүү консультацияларды өткөрүү үчүн Бишкекке келген. Россиялык адистердин тобу Кыргызстандын аймактарындагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий