• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Япония Улуттук кардиология жана терапия борборуна 6,6 млн сомдук аппарат тапшырды

Ден соолук 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Япония өкмөтү Улуттук кардиология жана терапия борборуна заманбап эхокардиограф аппаратын тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жабдууну тапшыруу иш-чарасы бүгүн саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидекинин катышуусунда өттү.

Заманбап жабдуу Япония өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында тапшырылга.

Гранттык контрактка ылайык, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жалпысуммасы 6 млн 634 миң 544 сомду түзгөн кызыл өңгөч аркылуу эхокардиография жасоо үчүн датчиги бар эксперттик класстагы көчмө санариптик УЗИ системасы тапшырылды.

Өзүнүн ыраазычылык сөзүндө министр Япониянын элчиси Года Хидеки мырзага, «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» программасынын координаторлоруна саламаттыкты сактоо уюмдарын жабдуулар менен камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

«Берилген портативдик ЭХОКГаппараты менен курч коронардык синдрому бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын мындан ары да жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. КР Саламаттыксактоо министрлиги өлкөдөгү шашылыш кардиологиялык кызматты чыңдоо, бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жанасапатын жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деп белгиледи Гүлнара Баатырова.

Пикир

Оставить комментарий