• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ала-Бука: Кызыл-Ата айылында 90 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Бүгүн, 24-августта Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында 90 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, райондун акими Кайырбек Чаргынбаев, Ак-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбеков, айылдын коноктору жана тургундары катышты.

Балдар бакчасынын курулушуна райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 16 млн 400 миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2,5 млн сомг бөлүнгөн.

Балдар бакчасы заманбап болуп, бөбөктөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий