• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ысык-Көлдө интенсивдүү багбанчылык ыкмасына өтүү боюнча семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Бүгүн, 24-августта Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылында интенсивдүү багбанчылык ыкмасына өтүү боюнча семинар өттү. Бул Айыл чарба министрлигинин жүргүзгөн негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Ведомстводон билдиришкендей, интенсивдүү багбанчылык жаратылыш байлыктарын максималдуу түрдө пайдаланууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөн негизги стратегия.

"Приоритеттүү ыкмалардын бири болгон интенсивдүү багбанчылыкты ишке киргизүү жана климаттык шарттарга ыңгайлашкан, илдеттерге жана зыянкечтерге туруктуу өсүмдүктөрдүн сортторун жана гибриддерин колдонуу бүгүнкү күндүн талабы", - деп айтылат маалыматта.

Семинарга Айыл чарба министрлигинин адистери, Өзбекстан, Казакстан, Молдова өлкөлөрүнүн багбан ишкерлери, "Догал" компаниясынын өкүлдөрү жана республиканын бардык облустарына багбан, дыйкандар келип катышты.

Семинарда интенсивдүү багбанчылык ыкмасын жайылтуу, чыгымы жана экономикалык кирешенин көрсөткүчтөрү, ошондой эле климаттык кырдаалга байланыштуу эрте жаздагы үшүккө туруштук берген, илдеттерге жана зыянкечтерге каршы “Догал” компаниясынын препараттары дыйкан, фермерлерге сунушталды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 53 миң гектарга бак отургузулган болсо, анын 2600 гектары интенсивдүү багбанчылык болуп саналат жана бул багытка ыктаган багбандардын саны күн санап өсүүдө.

Пикир

Оставить комментарий