• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Максутов шахмат боюнча Дүйнө чемпионатында алтын уткан Азизди кабыл алды

Маданият 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Бүгүн, 24-августа маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Казакстанда өткөн шахмат боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңген Азиз Дегенбаевди кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, министр жаш шахматчыны жеңиши менен куттуктап, анын мындан аркы чеберчилигине зор ийгиликтерди каалап, өзүнүн белегин тапшырды.

Эске салсак, шахмат боюнча эл аралык мелдеш 3-7-август күндөрү Казакстандын Актау шаарында өткөн. Мелдешке 53 өлкөдөн 300 дөн ашуун 12 жаштан 18 жашка чейинки мектеп командалары арасындагы шахматчылар катышып, Кыргызстандык жаш шахмат чебери Азиз Дегенбаев алтын медалга ээ болгон.

Азиз Дегенбаев Бишкек шаарындагы Кеңешбек Асаналиев атындагы №6 мектеп-гимназиясынын окуучусу.

Пикир

Оставить комментарий