• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жумгалда санэпидемиология башкармалыгынын вакцина сактоочу кампасы оңдолду

Аймак 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Жумгал райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампа оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин жүргүзүү Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоору аркылуу мүмкүн болду.

"Анда терезе, эшик, пол жана электр тармактарын алмаштыруу менен имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле желдетүү системасы, кондиционер жана генератор орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, аталган долбоордун алкагында буга чейин Москва, Кемин, Базар-Коргон райондорунун санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө, ошондой эле Талас райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу 4 кампа оңдолуп бүткөн.

Учурда Токтогул, Ала-Бука, Баткен жана Жалал-Абад шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда, ошондой эле Араван, Ак-Талаа жана Кербен айылдарында жайгашкан санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмдөрүндө вакциналарды сактоочу 7 кампаны куруу иштери жүрүп жатат. Бишкек шаарындагы оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун курулуш иштеринин башталышы күтүлүүдө.

Долбоордун максаты - тийиштүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий