Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Пара-жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов Тунисте өткөн лицензиялык Гран-при мелдешине катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 18-20-март күндөрү өттү.
Адилет Камчыбеков дискти ыргытууда коло медалдын ээси болду. Ошондой эле ал найза ыргытууда F-42 группасында 7-орунду, ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээледи.
Мындан тышкары, Арстанбек Базаркулов найза ыргытууда F-34 группасында 8-орунду, ядрону түртүү боюнча 7-орунду, дискти ыргытуу боюнча 4-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, мелдешке дүйнөнүн 59 өлкөсүнөн 600 спортчу катышты.
Пикир
Оставить комментарий