• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык өспүрүмдөр грек-рим боюнча эл аралык мелдеште жети медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Кыргызстандык өспүрүмдөр Казакстанда өткөн 2005-2007-жылкы балдар арасында грек-рим боюнча эл аралык мелдеште жети медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Дүйнө жана Олимпиада чемпиону Жаксылык Үчкемпировдун жаркын элесине арналган мелдеш 12-14-ноябрда Тараз жергесинде өттү.

Медалга ээ болгон балбандар:

Асан Жанышов 80 кг - алтын медаль;
Рустам Садыков 110 кг - алтын;
Бердибек Боогочиев 48 кг - күмүш;
Бахрам Курбанов 110 кг - күмүш;
Жантөрө Мирзалиев 60 кг - коло;
Эмирлан Дүйшөналив 60 кг - коло;
Нурболот Сыргабай Улу 92 кг - коло.

Пикир

Оставить комментарий