• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Айсулуу Тыныбекова Филадельфияда мекендештер менен жолугушту — видео

Коом 0


Бишкек, 16.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШнын Филадельфия шаарында мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу спортчу кыз өзүнүн инстаграмдагы баракчасына билдирүү калтырды.

Тыныбекова кыргызстандыктарды бир жерге чогулткан “Кыргыз ынтымак” фондусуна ыраазычылык билдирип, кыргыз элинде биримдик бар экенине дагы бир жолу ынанганын жазат.

“Чынын айтканда, ушундай жылуу тосуп алууну күткөн эмес элем. Мага Кыргызстандан кетпегендей эс калтырды. Баары абдан сонун болду: уюштуруучулардан тарта түзүлгөн жагымдуу шартка чейин”, - дейт ал.

Айсулуу Тыныбекова Филадельфияда жекшемби күн сайын кыргызстандыктардын балдарына эне тил боюнча сабак өтүлүп жатканын белгилеп кетти.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Ошондой эле Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий