• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Административдик-аймактык реформа. Бишкекте шайлоо тилкелеринин саны көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Административдик-аймактык реформадан кийин Бишкекте шайлоо тилкелеринин саны 228ден 267ге чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу административдик-аймактык реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча борбор калаада өткөн жыйында айтылды.

Мэриядан билдиришкендей, жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты.

Анда алдыдагы шаардык кеңешке шайлоону эске алуу менен административдик-аймактык реформанын алкагында мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча милдеттер талкууланды.

Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү 2-августтан тартып күчүнө кирген мыйзамда каралган.

Бишкек шаары боюнча административдик-аймактык реформага чейин калктын саны 1 млн 74 миң 75 болсо, шайлоочулардын саны 419 миң 901 жаранды түзгөн.

Учурда калктын саны 1 млн 294 миң 785, шайлоочулардын саны 622 749 жаран, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 45 депутат.

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкек шаарынын курамына 8 айыл аймагы, 1 айыл жана конуштар киргизилди. Ага жараша шайлоо участкаларынын саны 228ден 267ге көбөйтүлдү.

Октябрь районунда:
- 9650 калкы бар Көк-Жар айыл аймагы, 6516 шайлоочу.

Свердлов районунда:
- Лебединовка айыл аймагы, калкынын саны – 26670, шайлоочу – 20194;
- Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагы, калкы – 10870, шайлоочулары – 8378;
- Аламүдүн айыл аймагы калкынын саны – 13868, шайлоочу – 11385;
Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы, калкынын саны - 1578 калк, 1130 шайлоочу бар.

Биринчи май районунда:
- Маевка айыл аймагы, калкынын саны – 10900, шайлоочу – 8703;
- Пригородный айыл аймагы, калкынын саны - 13182, шайлоочулары -11795, ошондой эле Ак-Дөбөн айыл аймагынын Алтын Казык конушу.

Ленин районунда:
- Новопавловка айыл аймагы, калкынын саны – 24541, шайлоочу – 24348;
- Орок айыл аймагы - 18029 киши, шайлоочу - 9988.

БШК мурда маалымдагандай, сентябрь айында кеңештердин тарайт. Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга дайындалышы мүмкүн.

2-августта президент “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, шаардык кеңештер мурдагыдай эле пропорционалдык система боюнча – партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жолу менен шайланат.
Ошону менен бирге мыйзам менен шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосун 7% дан 5% га чейин төмөндөтүү киргизилген.

Мэр Айбек Жунушалиев Боршайкомдун жана Бишкек АШКсынын өкүлдөрү менен биргеликте келерки шайлоого мыйзамдардагы өзгөртүүлөр боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жолугушуулардын графигин түзүүнү тапшырды, ошондой эле көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 484 административдик-аймактык бирдиктин ордуна 268 административдик-аймактык бирдик: 33 шаар жана 235 айыл аймагы түзүлдү.
33 шаардын ичинен 14 шаарда мыйзамга ылайык ирилештирүү жүргүзүлдү: республикалык маанидеги Бишкек, Ош шаарларында, 7 облусттук жана 5 райондук маанидеги шаарларда.

Пикир

Оставить комментарий