• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Адвокаттын лицензиясын сынагынан 6 талапкер ийгиликтүү өттү – юстиция министрлиги

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. КРнын юстиция министрлигинде жактоочу ишмердүүлүгү менен алектенүүнү каалаган адистер арасында кезектеги квалификацияны жогорулатуу сынагы өттү.

Ведомстводон кабарлашкандай, сынакка чакырылган 34 адамдын ичинен 18 гана келген. Жыйынтыгында компьютердик текшерүүдөн алтоо гана өткөн.

Текшерүүдөн ийгиликтүү өткөндөрдүн баардыгына министрликтин квалификациялык комиссиясынын чечими менен бир айдын ичинде жактоочулук ишмердүүлүккө уруксат берүүчү лицензия тапшырылат. Ал эми сынактан өтпөй калгандар кайра тапшырууга уруксат алат. Бирок, кийинки сынак 6 айдан кийин болот.

Пикир

Оставить комментарий