• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жайылтууга салым кошкон журналисттер сыйланды

Коом 0

Бишкек, 9-июнь /Роман Гайнанов - Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын брендин жайылтууга салым кошкон бир катар мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын кызматкерлерине жана журналисттерге өкмөттүн сыйлыктары тапшырылды.

Иш чарада маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жамангулов Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын брендин жайылтууга кошкон салымы үчүн ЖМК өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Жаманкулов Көчмөндөр оюндарынын бренди менен Кыргызстандын имиджин көтөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, 2018-жылы Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтөөрүн эске салды.

Пикир

Оставить комментарий