• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Адылбек Касымалиев Алматыда өтүп жаткан ЕӨАКтин кеңейтилген курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 02.20.24. /Кабар/. ЕАЭБ алкагында биздин күч-аракетибиз экономиканы комплекстүү модернизациялоонун маанилүү компоненти катары бүтүндөй экономикалык процесстерди санариптештирүүгө багытталышы керек. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин сөзүнүн текстин тиркейбиз:

«Сиздерге меймандос Алматы шаарында салттуу түрдө өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин 2024-жылдагы биринчи жыйынында салам айтууга уруксат этиңиздер. Урматтуу Алихан Асхановичке бүгүнкү жолугушууда жылуу кабыл алгандыгы жана иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Ошондой эле Биримдиктин байкоочу-мамлекеттеринин өкмөт башчыларына чын жүрөктөн салам айтам.

Армян тарапты ЕАЭБ органдарына төрагалык кылууну кабыл алышы менен куттуктап, бардык пландарын ишке ашырууда ийгиликтерди каалайм.

Урматтуу Бакытжан Абдирович, Сизди Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасынын кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм!

Сиздин академиялык жана саясий чөйрөдөгү, мамлекеттик, муниципалдык, эл аралык кызматтардагы бай тажрыйбаңыз Биримдиктин өнүгүшүнө олуттуу салым кошот жана биздин Евразиялык интеграциябызды жаңы деңгээлге көтөрөт деп ишенем.

ЕАЭБдин жаңы дайындалган урматтуу судьяларын жана Комиссиянын Коллегиясынын мүчөлөрүн биздин Биримдикке жүктөлгөн бардык милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалап, чын жүрөктөн куттуктап кетким келет.

Урматтуу достор!

Өткөн жыл уланып жаткан эл аралык кыйынчылыктарга карабастан, Евразиялык интеграция үчүн абдан жакшы экономикалык көрсөткүчтөр менен ийгиликтүү болду.

2023-жылдын январь-ноябрында Биримдик боюнча ИДП 3,3 пайызга, анын ичинде өнөр жай өндүрүшү 3,8 пайызга, негизги капиталга инвестиция 10,3 пайызга, курулуштун көлөмү 8,4 пайызга өскөн.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИДПсы 1,2 триллион сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 6,2 пайызга өстү. Белгилей кетсек, такталган маалыматтар боюнча ИДПнын өсүү темпи 2022-жылы мурда жарыяланган 6,3 пайыздын ордуна 9 пайызга жеткен.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 10,3%га, тейлөө чөйрөсүндө – 6,2%га, өнөр жайда – 2,7%га, айыл чарбасында – 0,6%га өскөн.

Финансылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 168,5 миллиард сомду түздү жана 18,8 процентке өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө - 50,8 пайызга жана товарларды чыгаруучу тармактарга - 32,3 пайызга туура келген. Мында өнөр жайдын үлүшү 16 процентти түздү.

2023-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын көлөмү 13,9 миллиард АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29 пайызга өстү.

Экспорттук жеткирүүлөр 2,8 млрд АКШ долларын түзүп, 36,7 пайызга, импорттук жеткирүүлөр 27,2 пайызга өсүү менен 11,1 млрд АКШ долларын түздү.

Аны менен белгилей кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү 11 пайызга (жана 3,89 миллиард АКШ долларын түзгөн), анын ичинде экспорт 19,5 пайызга (1,1 миллиард АКШ доллары) жана импорт 7 пайызга (2,77 миллиард доллар) кыскарган.

Өз ара сооданын көлөмүнүн азайышы талдоо жүргүзүүнү талап кылган соода көлөмүнүн өсүшүнө тоскоол болгон факторлордун бар экендигин көрсөтүп турат. Эгерде көйгөйлөр жаралса, аларды жоюу үчүн чогуу иштешибиз керек.

Урматтуу өкмөт башчылары!

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2023-жылдын декабрындагы акыркы жыйынында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары Биримдикти андан ары өнүктүрүү боюнча «Евразиялык экономикалык жол» Декларациясын кабыл алышкан, ал биздин экономикабыз үчүн орто жана узак мөөнөттүү багыт катары кызмат кылат.

Быйылкы жылдын алгачкы артыкчылыктуу милдети мүчө мамлекеттер менен биргеликте Комиссияны иштеп чыгып аныктоо жана Декларацияны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чаралардын планын кабыл алуу деп эсептейбиз.

Албетте, иш-чаралардын планында Декларацияны иш жүзүндө ишке ашырууга алып келе турган конкреттүү иш-чараларды чагылдыруу маанилүү.

Кыргыз тарап принципиалдуу маанилүү деп эсептеген айрым жагдайларды өзгөчө белгилеп кетейин.

Биринчиси, Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу. Ыңгайлуу бизнес чөйрөсүн түзүү үчүн өз ара соодада товарлардын жана жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо кызыкчылыгында административдик процедураларды оптималдаштыруу жана кыскартуу боюнча кадамдар так белгилениши керек деп эсептейбиз.

Ушуга байланыштуу Комиссияга өз ара соодада, тактап айтканда, Биримдиктин ички рыногунда транспорт каражаттарын жана жүктөрдү ташуу процессиндеги көйгөйлүү маселелерди аныктоо үчүн мониторинг тобун түзүүнү тапшырууну сунуш кылам.
Белгилүү болгон көйгөйлүү же талаштуу маселелерди эске алуу менен, ушул жылдын аягына чейин Комиссия Биримдиктин укуктук базасын өркүндөтүү, анын ичинде өз ара соодада товарларды алып өтүү процессин жөнгө салуу боюнча конкреттүү сунуштарды биздин кароого жөнөтүүсү керек.

Экинчиси, рыноктук механизмдерге жана бирдей атаандаштык шарттарына негизделген Биримдиктин эркин ички рыногун камсыз кылуу, бул биздин өлкөлөрдүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга таасир этээри шексиз. Биздин артыкчылыктуу милдеттерибиздин арасында биз өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана алдыңкы технологияларды өткөрүп берүү үчүн жогорку илимди талап кылган өндүрүштөрдү стимулдаштыруу локализациясына багытталган, мүчө-мамлекеттердин өз ара инвестициялык кызматташуусун кеңейтүүнү көрөбүз.

Бул контекстте Биримдикте киргизилген биргелешкен кызматташуу долбоорлорун каржылык колдоо механизмин белгилегим келет. Механизмди иш жүзүндө тездетүү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ишканаларынын ортосундагы кооперациялык байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешип өндүрүлгөн продукцияны чыгарууну көбөйтүүгө, өз ара жеке жана мамлекеттик инвестициялардын өсүшүн стимулдаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылууга жардам берет.

Үчүнчүсү, Биримдиктин жалпы рыногун негизги товарлар жана ресурстар менен, биринчи кезекте биздин өлкөлөрдүн калкы үчүн жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу. Декларацияда бул багытта өзгөчө басым жасалган. Айыл чарба продукцияларын жана тамак-ашты кайра иштетүү, сактоо, бөлүштүрүү жана ташуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү чараларды көрүү маанилүү деп эсептейм.

Евразиялык транспорт коридорлорунун, транспорттук жана логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн дем берүүчү механизмдерди (анын ичинде финансылык) түзүү жана жогоруда аталган багыттарга жеке инвестицияларды тартуу да бул багыттагы артыкчылыктуу милдет болуп саналат.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен катар Биримдиктин айрым өлкөлөрүндө фармацевтика рыногун дары-дармектердин кеңири ассортименти менен камсыздоо маселеси курч турат. Өндүрүүчүлөр рыноктун сыйымдуулугунун аздыгынан, каттоого жана “тил локализациясына” кеткен чыгымдарды эске алуу менен, бул өлкөлөрдө каттоого кайрылууга шашылбайт.

Ушуга байланыштуу Комиссияга тараптардын өкмөттөрү менен бирдикте мүчө-мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын демилгеси боюнча башка мүчө мамлекеттерде катталган медицинада колдонуу үчүн дары дармек каражаттарын каттоонун натыйжаларын, ыйгарым укуктуу органдарга ушул тартипте катталган дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо үчүн документтерге жетүүнү камсыз кылуу менен таану тартибин киргизүү, мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү сунуштайм.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Экономикалык процесстерди санариптештирүү доорундагы маалымат чөйрөсү коомдун турмушунда система түзүүчү фактор болуп саналат жана экономикалык компоненттин абалына активдүү таасир этет. Биздин күч-аракетибиз экономиканы комплекстүү модернизациялоонун маанилүү компоненти катары жалпысынан экономикалык процесстерди санариптештирүүгө багытталууга тийиш.

Санариптештирүүнү стимулдаштыруунун мүмкүн болгон механизмдеринин бири ЕАЭБ кызмат көрсөтүүлөр рыногун, биринчи кезекте соода, финансы, чыгармачылык ишмердүүлүк, туризм, билим берүү жана медицина менен байланышкан санариптик кызматтарды кеңейтүү болуп саналат.

Бул бөлүктө Биримдиктин рыногунда санариптик кызматтардын соодасын либералдаштыруу жолдорун карап чыгуу үчүн Комиссияга кайрылгым келет.

Кымбаттуу достор,

Учурда кадрлардын жетишсиздиги ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикасынын көйгөйлөрүнүн бирине айланууда. Ушуга байланыштуу, «Евразиялык экономикалык жол» Декларациясын ишке ашырууда жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана бул багыттагы мыкты улуттук тажрыйбаларды жайылтуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн иш менен камсыз кылуу кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнү сунуштайбыз.

Бул контекстте Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан мурда көтөрүлгөн, ишке орношуу абалындагы административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүгө, медициналык текшерүүнүн корутундуларын өз ара таанууга багытталган демилгелерди ишке ашыруу бирдиктүү эмгек рыногунда жагымдуулукту жана ыңгайлуулукту жаратат.

Урматтуу кесиптештер!

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, жакында эле ушул жылдын башында ЕАЭБдин судьяларынын жаңы курамы Биримдик Сотунун Төрагасын жана анын орун басарын шайлаганын белгилегим келет.

ЕАЭБ соту Евразия экономикалык комиссиясы менен бирдикте Соттун жана Комиссиянын ыйгарым укуктары жаатында тоскоолдуктарды болтурбоо жана четтетүү боюнча эффективдүү рычагдар менен күчөтүү жана Союздун сотунун секретариатынын жетекчилигинде мүчө мамлекеттердин бирдей өкүлчүлүгү принциби боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгат деп ишенем.

«Көңүл бурганыңыз үчүн бардыгына ыраазычылык билдирем жана бүгүнкү жолугушууну жана ага байланыштуу иш чараларды ийгиликтүү аякташыбызды каалайм».

Пикир

Оставить комментарий