• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Тышкы соодага экспорттун көлөмү 42,5 пайызды түзүп, 500 млрд долларга жетти — Жапаров

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форум башталып, иш-чаранын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБдин ИДПсы 4,5 пайызга өстү. Курулуш тармагындагы дүң кошумча нарк беш пайызга, өнөр жай 4,1 пайызга, инвестициялык капиталдык салымдар 5,7 пайызга көтөрүлдү.

“Россия, Казакстан жана Беларусь өлкөлөрүнүн ИДПсы 2021-жылдын жыйынтыгы менен пандемияга чейинки көрсөткүчкө жете алды. Ал эми Армения менен Кыргызстандын ИДПсы 4,1-3,6 пайызга өстү. Тышкы соодага экспорттун көлөмү 42,5 пайызды түзүп, 500 млрд долларга жетти. Өз ара сооданын көлөмү 32 пайыздан ашып, 70 млрд долларды түзөт”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, экономикалык форум Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында быйыл төрагалыгынын алкагында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алдында өтүүдө.

Экономикалык форумга катышуу үчүн интеграциялык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү болгон 2500дөн ашык адам катталды.

Форумда Евразия экономикалык кеңешинин алкагында транспорттук-энергетикалык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү, каржы-банк саясаты, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, санарип жана жаштарга багытталган күндүн темалары, электрондук соода жүгүртүү жана кызматташуунун жаңы ыкмалары боюнча талкуулар пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий