Адылбек Касымалиев ЕЭК кеңешинин жыйынына катышты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 12.04.24./Кабар/. Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин катышуусунда видеоконференция режиминде өттү.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда күн тартибинде 32 маселе каралып, анын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Алсак, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБде жүк темир жол транспортун санариптештирүү боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын 2023-жылы ишке ашыруунун жүрүшү жана 2023-жылдын 16-февралындагы Евразия экономикалык биримдиги менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пландын («жол картасы»). «Транспорт коридорлорун санариптештирүү» бөлүмүндө каралган иш-чаралар тууралуу маалыматты угушту.

Ошондой эле 2024-жылга чейин ЕАЭБде өндүрүштү камсыз кылынууга тийиш болгон медициналык багыттагы стратегиялык маанилүү дары-дармек каражаттары жана фармацевтикалык субстанциялар менен камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун натыйжаларына мониторингдин жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулду.

ЕЭК Кеңеши “Казакстан Республикасы Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүнүн шарты катары кабыл алынган милдеттенмелерине ылайык, алымдардын ставкаларынан төмөн ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын ЕАЭБ Бирдиктүү бажы тарифине жана оптикалык айнек таякчаларга карата мындай алым ставкаларын колдонгон товарлардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимди кабыл алды.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен Комиссиянын Кеңешинин № 127 чечими менен бекитилген Маркировкаланууга тийиш болгон товарлардын Тизмегине өзгөртүүлөр киргизилип, ага товарлардын айрым түрлөрү (костюмдар, көйнөктөр, трикотаждар, жасалма мех буюмдар, ж.б.). Товарлардын бул топторуна карата 2024-жылдын 1-апрелинен баштап маркировкаланбаган продукцияларды жүгүртүүгө тыюу салынган.

Мындан тышкары, жыйындын жыйынтыгында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы N 83 “Фармацевтикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ЕАЭБдин тийиштүү фармакологиялык көзөмөл практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкештигине фармацевтикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү Эрежелерди толуктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул чечим лицензиянын ээсинин фармакологиялык көзөмөл системасын текшерүү жол-жоболоруна бирдиктүү мамилелерди белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Бажы биримдигинин алкагында милдеттүү талаптар белгиленген товарлардын бирдиктүү тизмесине да өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, тизме «спорттук, дене тарбия жана рекреациялык шаймандар жана буюмдар (футбол, кичи-футбол, гандбол, хоккей боюнча максаттар, бута атуу жана спортинг, гимнастикалык шаймандар жана инвентарлар) беренеси менен толукталды.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынынын алкагында 2024-жылдын май айында Москва шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибинин долбоору бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий