• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Азия чемпионаты: Кыргызстандык Айаал Лазарев күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 12.04.24./Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айаал Лазарев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болду.

Ата мекендик балбан 125 кг чейинки салмакта 1\4 финалдык баскычтан баштады.

Биринчи беттешин кытайлык Бухеердун атуу балбанды 10:6 эсебинде утуп, жарым финалда монголиялык Одгерел Баткхишигди 10:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Ал эми чечүүчү финалдык беттешин ирандык Амин Заре менен өткөрүп, 0:11 эсебинде жеңилүү ызаасын тартты. Ошону менен Азия чемпионатында 2-орунду ээлеп, күмүш байгенин ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий