Адылбек Касымалиев “Кыргызстан – Казакстан” бизнес-форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.04.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев “Кыргызстан – Казакстан” бизнес-форумунун делегаттарынын алдында куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары өз сөзүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо үчүн мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарга токтолуп, казакстандык ишкерлерди Кыргыз Республикасынын долбоорлоруна толук ишеним менен инвестиция салууга чакырды.

“Кыргызстан – Казакстан” бизнес форумунун жыйынтыгы боюнча бир катар макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду.

Белгилей кетсек, бул бизнес-форум президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий